2020-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен күндөлүк негизде милдеттүү камдык талаптарды аткаруу тартиби өзгөртүлгөн.  

COVID-19 пандемиясынан улам көрүлгөн аракеттердин банк жана финансы системасына тийгизген терс таасирлерин азайтуу жагында Улуттук банктын туруктуу абалды сактоо чараларын колдоо, ошондой эле коммерциялык банктарга улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү башкарууда көбүрөөк ыңгайлуулукту берүү максатында Улуттук банк Башкармасынын чечими менен милдеттүү камдык талаптарды сактоо шарттары жеңилдетилген. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-мартындагы № 2020-П-07\18-2-(ДКП) токтому менен милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли 80 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. 

Бул чечим 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.