Улуттук банк Башкармасы калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында, 2020-жылдын 9-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы №2020-П-12/13-1-(БС) «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом «Элкарт» банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы аркылуу нак акча каражаттарын алган учурда пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын карттарынан комиссияларды албоо жагында коммерциялык банктарга талаптарды белгилейт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында:www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.