COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин төмөндөтүү боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында, ошондой эле региондорду өнүктүрүүнү колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 15-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/10 «Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондордун алкагында коммерциялык банктарга берилген кредиттерди пролонгациялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтомго ылайык, кредиттик аукциондордун алкагында 2018-жылдын май айынан тартып берилген жана төлөө мөөнөтү 2020-жылы келе турган, кредиттер жалпы мөөнөтү эки жылга чейин кошумча пролонгацияланышы мүмкүн. Улуттук банк тарабынан 2018-жылы берилген кредиттер Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган.