Пенсияларды, жөлөк пулдарды жана эмгек акыларын чегерүү мезгилинде калкты нак акча менен камсыз кылуу үчүн көчмө кассалар уюштурулду  

 

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан тартып киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында, Улуттук банк жана коммерциялык банктар калктын бир орундан башка орунга жылуу мүмкүнчүлүгү чектелгендигин эске алуу менен, элдин жана экономика чөйрөсүнүн керектөөлөрүн өз учурунда жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштерин улантып жатат.  

Эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды чегерүү мезгилинде калкты нак акча менен өз учурунда камсыз кылуу максатында, Улуттук банк Бишкек шаарынын комендатурасы жана коммерциялык банктар менен биргеликте көчмө кассаларды уюштурду.  

2020-жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейин Бишкек шаарына жакын жайгашкан Ак-Ордо, Энесай, Ак-Өргө, Ак-Тилек, Арча-Бешик, Красный Строитель, Дордой-2, Мурас-Ордо, Ала-Тоо, Калыс-Ордо турак жай жана жаңы конуштарында ачылган көчмө кассаларда жарандардын нак акча алуу, пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыларын алуу, акча которууларды жөнөтүү/алуу, акча алмашуу операцияларын жана башка банктык операцияларды жүргүзүшү үчүн шарттар түзүлгөн.  

Эгерде өзгөчө абал шарттарында калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгы келип чыкса, анда аталган көчмө кассалардын иши кайрадан жандандырылат. 

Ошондой эле Жалал-Абад областынын комендатурасы жана коммерциялык банктар менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районунун жогорку аймагында, атап айтканда, Кыз-Көл, Курманбек жана Көк-Арт айыл аймактарында жарандар пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыларын өз учурунда алуусу, ошондой эле акча которууларын жөнөтүүсү/алуусу ж.б. үчүн көчмө кассалар уюштурулган. Ал эми Жалал-Абад областынын Сузак районунун төмөнкү аймагын нак акча менен камсыз кылуу максатында, 2020-жылдын 16-апрелинен тартып Барпы жана Атабеков айыл өкмөттөрүндө көчмө кассалары ачылды.  

2020-жылдын 25-мартынан тартып Баткен областына киргизилген өзгөчө кырдаал шартында, Баткен областтык штабынын коммерциялык банктар менен биргеликте көмөктөшүүсү менен Баткен районунун Кыштут, Дара, Суу-Башы, Кара-Бак айыл аймактарында жана Лейлек районунун Ак-Суу, Бешкент, Маргун, Жаңы-Жер, Лейлек, Катраң, Кулунду, Сумбула жана Тогуз-Булак сыяктуу бардык айыл аймактарындагы калк пенсия, жөлөк пул, эмгек акыны өз учурунда алуусу жана башка банктык операцияларды жүргүзүүсү үчүн көчмө кассалар уюштурулган. 

Андан тышкары, региондордун калкын нак акча менен өз убагында камсыз кылуу, эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды алуусуна шарт түзүү максатында, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы жана коммерциялык банктар менен биргеликте пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат. Учурда өлкөнүн 1000ге жакын айылы 375 POS-терминал менен тейленип жатат. 

Ошондой эле, калктын нак акча алуу жана нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү өлкөнүн бардык региондорунда орнотулган банктык жабдуулар аркылуу да камсыз кылынууда.  

2020-жылдын 1-мартына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 1 744 банкомат, 11 260 POS-терминал (анын ичинен 9 136 POS-терминал - соода-тейлөө түйүндөрүндө жана 2 124 POS-терминал коммерциялык банктардын филиалдарында жана сактык кассаларында) жана 1 927 төлөм терминалы орнотулган. 

Орнотулган банкоматтарга Улуттук банк тарабынан күн сайын жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, банктык жабдуулардын 90 пайызы калкка жеткиликтүү. Ал эми калган 10 пайызы орнотулган жери карантинге жабылгандыгына байланыштуу иштетилбей турат. Жеткиликтүү банкоматтардын бардыгы коммерциялык банктар тарабынан нак акча менен жетиштүү санда толукталып турат. Эгерде банкоматтардын үзгүлтүксүз иштешине кедергисин тийгизүүчү штаттан тышкаркы жагдай (электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, байланыштын жоктугу, ремонт жана алдын алуу иштери) келип чыкса, анда коммерциялык банктар орун алган көйгөйлөрдү четтетүү боюнча ыкчам чараларды көрөт. 

Улуттук банк өзгөчө абал шарттарында финансылык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү жана персоналды коргоону камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктарга коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чараларын бекем сактоону камсыз кылууну сунуштаган. Алсак, банк кызматкерлерин санитардык коргоо каражаттары менен камсыз кылуу, белгиленген коопсуздук аралыгын сактоо менен адамдардын топтолушуна жана кезектин көбөйүшүнө жол бербестен кызмат көрсөтүү сунушталган.  

Мындан тышкары, банктарга колдо болгон онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен кардарларды мүмкүн болушунча аралыктан тейлөө режимине өткөрүү сунушталган. 

Коммерциялык банктардын жана алардын филиалдарынын, сактык кассаларынын, банкоматтар түйүндөрүнүн иштөө режими жана онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жөнүндө толук маалымат алардын интернет сайттарында жайгаштырылган.