Комиссиялык жана башка төлөмдөрдүн тизмесинин жана өлчөмүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун изилдөө, ошондой эле аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан кредиттерди берүүнүн алкагында комиссиялык жана башка төлөмдөрдү белгилөөдө адилеттүү ыкманы камсыз кылуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) иштелип чыкты. Мындан тышкары долбоордо күрөөнү баалоого карата талаптар белгиленет. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2020-жылдын 22-майынан кечиктирбестен akubatbekov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.