Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 29-апрелинде төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- №2020-П-12/25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтом. Бул токтом Улуттук банктын айрым талаптарынын банктар тарабынан аткарылышын жеңилдетүүгө жана убактылуу токтотууга байланыштуу кабыл алынып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган; 

- №2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтом. Бул токтом активдерди классификациялоого карата атайын талаптарды белгилеп, банктарга өз ресурстарын мобилизациялоого өбөлгө түзөт жана Кыргыз Республикасынын калкынын иш жигердүүлүгүн колдоого мүмкүндүк берет. 

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.