Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согушта Улуу Жеңишке жетишкендигинин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын, ошондой эле ушул сериядагы «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды.  

«Улуу Жеңишке 75 жыл» монетасы 

Бир канча жылдар өтүп, кайсы бир окуялар тарых барактарынан өчсө дагы каардуу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында канын, жанын аябай салгылашкан, өз элинин эркиндиги үчүн курман болгон баатырлардын жасаган эрдиктери кийинки муундардын эсинде түбөлүккө сакталат.  

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөт (күмүш монетасында голограмма түрүндө берилген), анын арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), салмагы (28,28 г), ошондой эле монетанын номиналы (10) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинен болгон сомдун графикалык белгиси С берилген. 

Монетанын арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. 

Согуштун алгачкы жылдарында генерал-майор И.В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясынын душмандарга каршы сокку урган беттеши чечүүчү жана маанилүү салгылашуунун бири болуп саналат, алардын катарында кыргыз элинин эр жүрөк уулдары да бар эле. 28 панфиловчулардын мындай эрдиктери согуш жылдарында өзгөчө чечүүчү ролду ойногон. Эр жүрөк баатырлардын артка тартпас кайраты менен эрдиктери эл арасында уламыштарга айланып, алардын ысымдары тарых барактарында өлбөс-өчпөс бойдон түбөлүккө сакталып калды. 1975-жылы салгылашуу болуп өткөн жерде  

«28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплекси орнотулган, ал 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан алты улуттун өкүлүнөн болгон жоокерлердин элесин чагылдырган алты монументалдык эстеликтен турат. 

 

 

 

«Элдик Апрель революциясына 10 жыл» монетасы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналып чыгарылган. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуяларда курман болгондордун жаркын элесине арнап, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулган монументтин фрагменти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» деген жазуу чагылдырылган. 

Монетанын арткы бетинде кыргыз улуттук оймо-чиймесинин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгаштырылган, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монета чыгарылган жыл (2020) көрсөтүлгөн. 

 

 

 

Монеталардын мүнөздөмөсү 

 

Монетанын аталышы 

Номиналы 

Металлы 

Диаметри 

(мм) 

Салмагы (г) 

Сапаты 

Нускасы (даана) 

Сатуу баасы  

«Улуу Жеңишке 75 жыл»  

10 сом 

Ag 925°  

38,61 

28,28 

Proof 

1 000 

3 270 сом 

«Улуу Жеңишке 75 жыл» 

1 сом 

CuNi 

30,00 

12,00 

Proof-like 

5 000 

425 сом 

«Элдик Апрель революция-сына 10 жыл» 

1 сом 

CuNi 

30,00 

12,00 

Proof-like 

1 000 

815 сом 

 

Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.