Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын СВИФТ сервис бюросу SWIFT компаниясынын коопсуздук боюнча «Shared Infrastructure Programme»* программасын ишке киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында эл аралык сертификациядан ийгиликтүү өтүп, дүйнөнүн сертификациядан өткөн сервис бюролорунун тизмесине кирди. 

2018-жылы SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнүн базасында жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн жана которуулардын сапатын, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында СВИФТ сервис бюросу түзүлгөн. Мындай чечимди кабыл алуунун өзү Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн. 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнө туташуу кызматын көрсөткөн биринчи жана жападан жалгыз бюро болуп, Улуттук банктын СВИФТ сервис бюросу эсептелет. 

Сертификацияланган сервис бюролорунун тизмеси SWIFT компаниясынын www.swift.com расмий интернет сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жарыяланган https://www.swift.com/about-us/partner-programme/shared-infrastructure-programme/service-bureau-directory

* Shared Infrastructure Programme SWIFT компаниясынын атайын талаптары белгиленген программасы, ал сапатты, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу менен SWIFT системасына туташуу сунушталган сервис бюролору үчүн алгылыктуу критерийлерди жана операциялар стандарттарын аныктайт.