Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик аукциондорду өткөрүүнү пландаштырууда 

 

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында, Улуттук банк: 

· 2020-жылдын 21-майында коммерциялык банктар үчүн ишкер субъектилеринин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга багытталган, жалпы өлчөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды; 

· 2020-жылдын 28-майында банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн коронавирустун жайылышынан улам пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү үчүн республиканын региондорун каржылоого жана колдоого багытталган, жалпы өлчөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоо менен кредиттик аукциондорду өткөрүүнү пландаштырат. 

Кредиттик аукциондорду өткөрүүнүн шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин тиешелүүлүгүнө жараша 2020-жылдын 18 жана 25-майында өткөрүү белгиленген отурумдарынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.