Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн эсине! 

 

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында, Нарын областынын Ат-Башы районунун жана Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими шартында карантинди сактоо чараларынын улантылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жарандарга коронавирус инфекциясын андан ары жайылтуу тобокелдигинен алыс болуу үчүн алдын алуу чараларын бекем сактоо зарылдыгын эскертет.  

Өзгөчө кырдаал режими шарттарында дагы Улуттук банк жарандардын кайрылууларын кароо иштерин улантып жатат. Ошентсе да, коомдук жайларга баруу зарылдыгы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр Улуттук банкка же анын аймактык бөлүмдөрүнө өз кайрылууларын электрондук почтага жөнөтүү менен электрондук түрдө кайрыла алышат. Даректери төмөндө көрсөтүлгөн.  

Электрондук почтага кайрылуу жөнөткөн учурда, кайрылып жаткан адам милдеттүү түрдө өзүнүн аты-жөнүн (толук), байланышуу үчүн телефон номерин (үй, мобилдик же жумуш), жашаган жеринин дарегин көрсөтүүгө жана кайрылуунун мазмунун чагылдырууга тийиш. Мүмкүн болсо документтердин электрондук көчүрмөлөрүн дагы тиркеп коюуга болот.  

Улуттук банк электрондук түрдө кайрылууну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде электрондук почта аркылуу кайрылган адамга кайрылуу келип түшкөн күнүн жана убактысын, ага берилген кириш каттоо номерин, байланышуу үчүн тиешелүү телефон номерлерин көрсөтүү менен кайрылуу кароого кабыл алынгандыгы же себебин негиздөө менен кароодон баш тартылгандыгы тууралуу электрондук билдирүү жөнөтөт.  

Электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук жооп берүүдөн тышкары, кайрылууда көрсөтүлгөн дарек боюнча кат жүзүндө кошумча жооп жөнөтүлөт.  

Жарандар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрыла алышат:  

 

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары 

Шаар коду, телефон номерлери 

Электрондук почтанын дареги 

Улуттук банктын борбордук аппараты 

0(555) 855 748; 0(770) 73 73 49  

0(312) 61 04 86; 0(312) 61 52 78 

mail@nbkr.kg  

Ош областтык башкармалыгы 

0(3222) 48434; 0(3222) 48375 

jsydykov@nbkr.kg  

Нарын областтык башкармалыгы 

0(3522) 50442; 0(3522) 50472 

uduyshenaliev@nbkr.kg  

Ысык-Көл областтык башкармалыгы 

0(3922) 51251; 0(3922) 51247 

ftartykov@nbkr.kg  

Жалал-Абад областтык башкармалыгы 

0(3722) 23884 

hakimbekov@nbkr.kg  

Талас областтык башкармалыгы 

0(3422) 52270; 0(3422) 52077 

iestebesov@nbkr.kg  

Баткен областындагы өкүлчүлүк 

0(3622) 50446 

arazakov@nbkr.kg