2020-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Борбордук Азия, Кара деңиз жана Балкан региондорундагы өлкөлөрдүн Борбордук банктарынын башкаруучулар клубунун онлайн режиминде өткөн 43-отурумуна катышты. 

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия, Кара деңиз жана Балкан региондорундагы өлкөлөрдүн экономикалары үчүн CОVID-19 пандемиясынын кесепеттери, ошондой эле экономикалык жигердүүлүктү жандандыруу үчүн кабыл алынуучу чаралар талкууланды.