Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукцион 

өткөрүүнү пландаштырууда 

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс натыйжаларды жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында, Улуттук банк 2020-жылдын 11-июнунда коммерциялык банктар үчүн ишкердик субъектилеринин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга багытталган жалпы көлөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоонун жалпы көлөмү менен кредиттик аукционду өткөрүүнү пландаштырууда. 

Кредиттик аукционду өткөрүү параметрлери жана шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 2020-жылдын 8-июнуна каралган отурумунун жыйынтыгы боюнча аныкталат.