Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов 2020-жылдын 4-июнунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын жетекчилеринин видеоконференция режиминде өткөн кеңешмесине катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринин таасирин төмөндөтүүгө багытталган чаралары талкууланды.