Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт:  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети «Nur International Trade» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы №2017101115 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына аларды сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүү лицензиясынын аракетин 2020-жылдын 03-июнунан тартып токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети «Грин Лайн ЖСМ» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 12-июнундагы №2010120615 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына аларды сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүү лицензиясынын аракетин 2020-жылдын 03-июнунан тартып токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.