Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы боюнча коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукцион өткөрүүнү пландаштырууда 

 

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс натыйжаларды жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында, Улуттук банк 2020-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы боюнча коммерциялык банктар үчүн жалпы көлөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоо менен кредиттик аукционду өткөрүүнү пландаштырууда. 

Кредиттик аукционду өткөрүү параметрлери жана шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 2020-жылдын 22-июнуна каралган отурумунун жыйынтыгы боюнча аныкталат.