2020-жылдын 17-июнунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банктын Башкармасынын № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтому кабыл алынды (мындан ары токтом). 

Токтом банк эмес финансы-кредиттик уюмдарынын кредиттеринин классификациясына коюлган талаптарды жеңилдетүү максатында кабыл алынган. 

Тактап айтканда, токтом банк эмес финансы-кредиттик уюмдарынын байкоого алынган активдери жана субстандарттык активдери боюнча, ошондой эле карыз алуучунун бир банк эмес финансы-кредиттик уюмундагы параллель кредиттерин классификациялоо боюнча жеңилдетүүлөрдү жана башкаларды камтыйт. 

Ошондой эле токтом менен «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибине» жана «Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерине» өзгөртүүлөр киргизилди. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.