2020-жылдын 19-июнунда коммерциялык банктар үчүн жалпы көлөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоо боюнча кредиттик аукцион өткөрүлдү. Кредиттик аукцион COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс кесепеттерди жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында өткөрүлгөн. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жайгаштыруу көлөмү 500,00 млн сомду түзгөн. 

Бул кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана ишкер субъектилердин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга багытталууга тийиш. Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен 10,0% деңгээлинде аныкталган.