2020-жылдын 25-июнунда коммерциялык банктар үчүн жалпы көлөмү 1,0 млрд сом суммасында кредиттик ресурстарды сунуштоо боюнча кредиттик аукцион өткөрүлдү.  

Кредиттик аукцион COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс кесепеттерди жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы боюнча экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында өткөрүлгөн.  

Аукциондун жыйынтыгы боюнча жайгаштырылган көлөм 150,00 млн сомду түздү

Бул кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасында каралган багыттар жана шарттар боюнча  кредиттөөгө жумшалууга тийиш. 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн бул кредиттер боюнча чектүү номиналдык пайыздык чен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын багыттарына жараша аныкталат.