Улуттук банк коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин экономикага тийгизген терс кесепеттерин жеңилдетүү, ишкер субъектилерге жана калкка колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн банк жана финансы системасынын туруктуулугун сактоо максатында, 2020-жылдын 18-мартындагы чечиминде финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган.   

Карыз алуучу COVID-19 вирусунун жайылып кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, жеке адамдарга сыяктуу эле, юридикалык жактарга да берилген кайсы болбосун кредиттин төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн.   

Кредиттик төлөмдөрдүн төлөө мөөнөтү карыз алуучунун кредиттик келишим түзгөн банкка берген өтүнүч катынын/кайрылуусунун негизинде жылдырылат.   

Банктар, өз кезегинде карыз алуучуларга кредиттерди төлөө мөөнөтүн жылдыруунун төмөнкүдөй варианттарын сунуштай алышат:   

1. негизги карызды төлөөнү 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу;   

2. негизги карызды сыяктуу эле, пайыздарды төлөөнү да 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу.   

Бул варианттардын ар биринде мөөнөтү жылдырылган төлөм (негизги карыз гана же негизги карыз пайыздары менен кошо):  

1) кредитти төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө жылдырылышы мүмкүн, б.а кредит төлөө мөөнөтү узарат. Ошентип, эгерде карыздын негизги суммасы боюнча гана төлөө мөөнөтү жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде төлөө мөөнөтү жылдырылган учурдагы негизги сумманын калдыгына чегерилген пайыздарды төлөйт, ал эми төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат.   

Эгерде төлөө мөөнөтү негизги сумма жана пайыздар боюнча чогуу жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде эч нерсе төлөбөйт. Мында карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктагандан кийин негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат. Төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон карыздын негизги суммасынын калдыгына чегерилген пайыздар график боюнча мөөнөттөргө бөлүштүрүү менен же графиктеги мөөнөттүн акырында төлөнөт.   

2) төлөө мөөнөтү жылдырылган сумма кредиттин бир бөлүгүнө же бүтүндөй мөөнөтүнө бирдей бөлүштүрүү менен төлөнөт, мында бул мезгилде кредит боюнча ар айлык төлөмдөр көбөйөт;  

3) төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгилдин акырына жылдырылса, б.а карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда мөөнөтү жылдырылган төлөм боюнча карызынын ордун жабууга тийиш;  

4) банк тарабынан мыйзамда каралган башка ыкмалар менен жөнгө салынган.  

Банктардын финансылык ортомчу катары негизги функцияларынын бирин эске алуу менен кредит боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу тууралуу маселе, биринчи кезекте, аманатчылардын талабы боюнча төлөнүп берилүүчү аманаттардын жана анын ичинде алар боюнча пайыздардын көлөмүнөн жана аманаттардын мөөнөтүнөн, банктын кредит боюнча мөөнөттөрдү жылдырып берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды.   

Банк карыз алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле анын ишин жана андан тапкан кирешесин калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен төлөө мөөнөтүн узартууну сунуштай алат.   

Кредиттик төлөмдөр боюнча мөөнөттүн, аны менен бирге пайыздардын төлөө мөөнөтү жылдырылгандыгына карабастан, банк график боюнча карыз алуучу келечекте төлөй турган пайыздарды чегерүүнү улантаарын билүү зарыл. Бул банктар бизнестин башка түзүмдөрү сыяктуу эле, ишкердик субъектиси болуп саналгандыктан, алардын ишинин максатынан болуп, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодон, биринчи кезекте кредиттөөдөн пайда алуу саналат. Банктын кирешесинен ошондой эле кызматкерлердин эмгек акыларынын сакталышы жана банктын аманатчылары жана башка кредиторлору алдында депозиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы көз каранды.  

Мындан тышкары, банктар белгилүү бир пайыздык чен боюнча тартылган кредиторлордун карыздык каражаттарынын эсебинен кредиттерди берет. Карыз алуучулардын кредиттери боюнча пайыздардын токтотулушу жана мындан улам кредиторлор алдында милдеттенмелердин өз убагында аткарылбашы банк тутумуна карата ишенимди жоготууга жана инвестициялардын агылып чыгуусуна алып келиши ыктымал.  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы токтомунун ченемдери учурда колдонулууда жана Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алганга чейин күчүндө болот. COVID-19 эпидемиясынын улам жанданып туруусун жана Кыргыз Республикасында жагдай калыбына келип, бардык жеке адамдар жана ишкердик субъектилер ишкердигин баштоо мөөнөтү белгисиз болуп тургандыгын эске алганда, Улуттук банк банктардын карыз алуучуларга айыптык санкцияларды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана алуу боюнча күндөлүк ишин баштоо маселесин кароо азыркы учурда эрте деп эсептейт.  

Өз кезегинде, Улуттук банк туруктуу негизде карыз алуучулардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен COVID-19 коронавирус инфекциясынын тарап кетишинен жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам жабыр тарткан карыз алуучулардын кредиттери боюнча төлөө мөөнөттөрүн жана башка шарттарын кайра карап чыгуу ишин жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө банктарга маалымдап турат. 

Мамлекет тарабынан жаңы чектөө чаралары киргизилгендигине жана өлкөдө оор эпидемиологиялык жагдай сакталып тургандыгына байланыштуу Улуттук банк банктарга ушул багытта ишти жүргүзүүнү сунуштады.  

Мурда кредит боюнча төлөөнү кийинкиге жалдырган, бирок учурда түптөлгөн жагдайдан улам андан ары төлөө жагында дале проблемалары бар жеке адамдар жана ишкердик субъектилер төлөө мөөнөтүн жылдыруу, төлөө графигин кайра караштыруу же кредиттик келишимдин башка шарттарын өзгөртүү өтүнүчү менен банктарга кайра кайрылуусуна жол берилет.  

  

 Карыз алуучу төлөм мөөнөтүн кийинкиге өз убагында жана так жылдыруусу үчүн (төлөө графигин кайра караштыруу жана башка шарттарды өзгөртүү)  төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:  

  

1. Байланыштын кайсы болбосун түрү аркылуу кредит алган банкка кайрылып, төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу же жеткиликтүү болгон, мүмкүнчүлүккө жараша байланыштын аралыкта орнотулган каналдары аркылуу кредиттин ордун жабуу шарттарын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчтү берүүсү зарыл.  

2. Карыз алуучу кредиттин ордун жаап баштай турган мөөнөткө туура баа берүүсү зарыл, мүмкүнчүлүккө жараша ай сайын, чейрек сайын, ар бир жарым жыл сайын төлөй алган сумманы эсептөөгө тийиш.  

3. Кредиттин ордун жабуу маселесин чечүү мүмкүндүгү жөнүндө консультация алуу үчүн банктын өкүлүнө кайрылып, кредиттин ордун жаап баштай турган мөөнөттөр, алар боюнча төлөмдөрдүн мүмкүн болгон суммалары жөнүндө маалыматты сунуштоого тийиш жана карыз алуучу сыяктуу эле, банк үчүн да оптималдуу/алгылыктуу графикти кабыл алуу зарыл.  

  

 Эгерде карыз алуучу даттануу менен кайрылса, ар бир банкта керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча тиешелүү жол-жобо бар экендигин билүү зарыл. Карыз алуучу банктын жооптуу кызматкеринен өтүнүч кат берүү тартиби жөнүндө маалымат ала алат же болбосо банктын расмий сайтынан көрсөтүлгөн маалыматты таба алат.   

Мындан тышкары, банктын аткаруу органынын жетекчиси же анын башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле филиалдардын жетекчилери банктын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылган графикке ылайык кардарларды жеке кабыл алат.   

Талаш маселелер келип чыккан учурда же банк менен жалпы чечимге келүү мүмкүн болбогон учурда карыз алуучу алгач банкка кагаз жүзүндө кайрылуусу зарыл, анткени жарандык-укуктук келишимдерден улам келип чыккан талаш маселелер тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет, ал эми тараптар макулдашууга келе албаса анда соттук тартипте карала тургандыгын билүү зарыл.   

Кагаз жүзүндө кайрылуу банктын жооптуу кызматкерине берилиши мүмкүн же почта жана байланыштын башка каналдары аркылуу жөнөтүлүп же болбосо “Даттаануулар жана сунуштар китебинде” келтирилиши мүмкүн.   

Кайрылууда, карыз алуучунун аты-жөнүнөн, дарегинен, телефон номеринен тышкары, кайрылуунун маңызы көрсөтүлүп, зарылчылыкка жараша карыз алуучунун далилдерин тастыктоочу документтер болушу зарыл.   

Банктар ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, чындык, карыз алуучуга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу сыяктуу жооптуу кредиттөө принциптеринин сакталышы менен кредиттик ишти жүзөгө ашырууга милдеттүү экендигин билүү зарыл.  

Банк тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн принциптер бузулган же банктан жооп алынбаган суроолор келип чыккан учурда карыз алуучу Улуттук банкка кайрыла алат. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү үчүн кайрылууларды берүү тартиби жана байланыш маалыматы Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган.