Ачык позицияны эсептөө тартибин аныктоо, ислам банктары жана «ислам терезесине» ээ банктар тарабынан баалуу металлдар түрүндө ачык позициянын лимиттеринин сакталышын контролдоо максатында Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2020-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтом кабыл алынган. Токтом баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин, «ислам терезесине» ээ банктар жана ислам банктары тарабынан баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттеринин сакталышына карата талаптарды, баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдоону уюштурууга карата талаптарды белгилейт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg / Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.