Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылуучу товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыккан. Бул долбоорго ылайык, белгилүү бир талаптарды сактаган учурда юридикалык жактар товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү боюнча каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банктарда валюта тобокелдигин жөнгө салуу максатында колдонулушу мүмкүн. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Бардык кызыкдар жактар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 17-августунан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.