Улуттук банк онлайн режиминде дуалдык окутуу боюнча тренерлерди даярдады 

 

2020-жылдын 13-июлунан тартып 5-августуна чейинки мезгили ичинде Германия эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондусунун колдоосу менен уюштурулган Улуттук банктын окутуучулары үчүн дуалдык окутуу боюнча семинарлар болуп өттү. Семинар онлайн окутуу куралдарына жана методикасына арналган, мында катышуучулар тренингдердин педагогикалык дизайны, тренингдердин моделин онлайн режиминде түзүү үчүн онлайн куралдарды колдонуу жагында жаңы билимдерге ээ болушту.  

Улуттук банктын кызматкерлери электрондук контентти жеткирүүнүн ар кыл ыкмаларын колдонуунун негизинде аралыктан окутуу технологиялары аркылуу алган билимдерин жана көндүмдөрүн билим берүү процессин уюштуруу боюнча аралыктан окутууда ийгиликтүү колдоно алат деп пландаштырылууда.