Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-жылдын 12-августунда саат 09-00дөн тартып «Terem PAY» (Терем ПЭЙ) жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларды жүргүзүү ишин убактылуу токтотту: 

-Коомдун төлөм системасынын, процессинг, клиринг борборлорунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча.