Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.  

Долбоор сунушталып жаткан операциялардын ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлардын акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайданы/чыгымды бөлүштүрүү методдорун стандартташтыруу жолу аркылуу аманатчылардын ишенимин арттыруу максатында иштелип чыккан.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 14-сентябрынан кечиктирбестен abazarbaeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.