Банк жана төлөм системаларынын бар болгон жана жаңы катышуучулар рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу үчүн тоскоолдуктарды азайтуу максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2020-жылдын 12-августунда «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынды. 

Жаңы технологияларга кызыгуу, банктык кызмат көрсөтүүлөр наркын төмөндөтүү, алардын акыркы керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жагында банктык кызматтарды керектөөчүлөр үчүн сыяктуу эле, жөнгө салуучу үчүн дагы кызмат көрсөтүү процессинин ачык-айкындыгын, көзөмөлгө алынышын камсыз кылуу, рынокто атаандаштыкты жогорулатуу, финансы-кредит уюмдарынын ишинде тобокелдиктерди азайтуу аркылуу алдыдагы милдеттерди аткаруу зарылдыгы менен шартталган. 

Ушул токтомго ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өтүнмөлөрдү кароо, лицензияларды берүү, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу, убактылуу токтотуу чечимдерин кабыл алуу тартиби аныкталган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.