Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине, «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого) токтом долбоорун (мындан ары  долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор жана ага карата материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/«Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Бардык кызыкдар болгон жактар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен aisaeva@nbkr.kg электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл (PDF жана Word форматында).