Улуттук банктын төрагасы коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдү 

 

2020-жылдын 19-августунда Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов коммерциялык банктардын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция өткөрүп, анын жүрүшүндө борбордук банктын төрагасы коммерциялык банктар кредиттерди жана алар боюнча эсептелинген пайыздарды реструктуризациялоо шарттарын кылдат түшүндүрүү жагында кардарлар менен тыгыз иш алып баруу, ошондой эле карыз алуучуларга кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу тууралуу да түшүндүрмө берүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Видеоконференциянын жүрүшүндө коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө көйгөйдү эрте аныктоо, кардарлар менен иштешүүнү жакшыртуу, белгиленген талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, талаптардын сакталышын камсыз кылуу жагында региондордо жайгашкан филиалдар менен туруктуу негизде иш алып барууну улантуу сунушталды.