Жарандардан келип түшкөн кайрылуулар көп болгондугуна байланыштуу Улуттук банк, коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, анын ишкер субъектилерине жана калктын ишмердигине тийгизген терс кесепеттерине дайыма байкоо жүргүзүп, аларды жеңилдетүү боюнча чараларды кабыл алып турарын кайрадан билдирет.  

Бул максатта колдоо чараларынын бири болуп, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы чечими эсептелет, анда финансы-кредит уюмдарына (мындан ары - ФКУ) карыз алуучуларга кредитти төлөө мөөнөтүн негизги суммасы сыяктуу эле, эсептелген пайыздары боюнча өзүнчө же чогуу 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууга сунуш-көрсөтмө берилген. 

Улуттук банк Башкармасынын жогоруда айтылган токтомунун ченемдери Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

Карыз алуучу COVID-19 вирусунун жайылып кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон шартта, кредит алуу үчүн келишим түзүлгөн кредиттик уюмга карыз алуучунун жазган арызынын негизинде кредиттин төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн.  

Карыз алуучуларга кредиттерди төлөө мөөнөтүн жылдыруунун төмөнкү түрлөрү сунушталышы мүмкүн: 

- негизги карызды төлөөнү 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу; 

- пайыздарды төлөөнү  3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу; 

- негизги карызды, ошондой эле пайыздарды төлөөнү 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу. 

Ар бир учурда мөөнөтү жылдырылган төлөм (негизги карыз, же пайыздар, же негизги карыз пайыздар менен чогуу) төмөнкүдөй болушу мүмкүн: 

1) Кредиттин акыркы мөөнөтүнө жылдырылган, бул учурда кредиттин төлөө мөөнөтү узарат. Ошентип: 

- эгерде карыздын негизги суммасы боюнча гана төлөө мөөнөтү жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде төлөө мөөнөтү жылдырылган учурдагы негизги сумманын калдыгына чегерилген пайыздарды төлөйт, ал эми төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда, негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат. 

- эгерде төлөө мөөнөтү негизги сумма жана пайыздар боюнча чогуу жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде эч нерсе төлөбөйт. Мында карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктагандан кийин негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат. Пайыздар боюнча төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон карыздын негизги суммасынын калдыгына чегерилген пайыздарды төлөө тараптардын макулдашуусу боюнча графиктин мөөнөтү боюнча же графикте берилген төлөө мөөнөтүнүн акырына бөлүштүрүлөт. 

2) кредиттин мөөнөтүнүн бир бөлүгүнө пропорционалдуу же бүтүндөй мөөнөтүнө бөлүштүрүлөт, бул мезгилде кредит боюнча ар айлык төлөмдөр көбөйөт;  

3)  төлөө мөөнөтү жылдырылган күндүн акыркы күнүнө жылдырылат, б.а. карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда мөөнөтү жылдырылган төлөм боюнча карызынын ордун жабууга тийиш; 

4) башка ыкмалар менен жөнгө салынган. 

Ошол эле учурда, кредиттик төлөмдөр боюнча, анын ичинде пайыздар боюнча, кредиттик каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздардын төлөө мөөнөтү жылдырылгандыгына карабастан, карыз алуучу келечекте төлөй турган пайыздарды чегерүү улантыларын эстен чыгарбоо зарыл. Кредит боюнча пайыздарды чегербөө тууралуу чечим, кредиттик келишимдин тараптарынын макулдашуусу менен гана кабыл алынат. 

Бул, кредиттик уюмдар бизнестин башка түзүмдөрү сыяктуу эле, ишкердиктин субъектилери болуп саналат, алардын кирешесинен кызматкерлердин эмгек акыларынын сакталышы, аманатчылардын жана башка кредиторлордун алдында депозиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы, ошондой эле банк тутумунун финансылык туруктуулугу көз каранды. 

Кредитор кредитти төлөө мөөнөтүн жылдырууда келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө кошумча келишим түзөт, анда башка мөөнөттөр көрсөтүлөт жана төлөмдөрдүн мурдагы графиги өзгөртүлөт. Карыз алуучу аны кылдаттык менен окуп чыгышы керек.  

Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле кредитке тиешелүү башка документтерге аларды окуп чыкпастан кол коюуга болбойт! Келишимдин бардык пунктуларын кылдат окуп чыгуу зарыл. Бул үчүн, мүмкүн болсо, кошумча келишимди жана жаңы графикти үйгө алып кетип, анын шарттарын кылдаттык менен окуп, анда карыз алуучу билбеген же мааниси түшүнүксүз болгон шарттар жок экендигин текшерүү керек. Карыз алуучу кредиттин ай сайын төлөнүүчү негизги суммасын жана кредит боюнча пайыздардын, келишимдин өзгөртүлө турган шарттарына ылайык өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгүн билүүсү керек. 

Өз кезегинде, Улуттук банк тарабынан туруктуу негизде кредиттик уюмдарга карыз алуучулардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен COVID-19 коронавирус инфекциясынын тарап кетишинен жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам жабыр тарткан карыз алуучулардын кредиттери боюнча төлөө мөөнөттөрүн жана башка шарттарын кайра карап чыгуу, кардарларга кредиттерди жана ал боюнча эсептелген пайыздарды реструктуризациялоо шарттарын толук түшүндүрүп берүү, ошондой эле карыз алуучулардын кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укуктарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдоо иштери жүргүзүлүп турат. 

Белгилей кетсек, кредиттик төлөмдөрү мурда жылдырылган, бирок учурдагы абалга байланыштуу төлөө жагында дале кыйынчылык тартып жаткан жеке адамдар жана ишкер субъектилери кредиттик уюмга төлөө графигин кайрадан карап чыгуу же кредиттик келишимдин айрым шарттарын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылса болот. 

Кредитти төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда карыз алуучу алгач өз кредиттик уюмуна кайрылуусу зарыл, анткени жарандык-укуктук келишимдерден улам келип чыккан талаш маселелер тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилүүгө тийиш, ал эми тараптар макулдашууга келе албаса анда сот тартибинде карала тургандыгын билүү зарыл. 

Кредиттик уюм боюнча суроолор же нааразычылыктар болсо карыз алуучулар Улуттук банкка 0(312) 61 52 78, 0(555) 855 748; 0(770) 73 73 49 телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук дареги боюнча кайрылышса болот.