Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 

5,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 28-сентябрында эсептик ченди (негизги чен) 5,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 29-сентябрынан тартып күчүнө кирет.  

Дүйнөдө пандемия уланышы мүмкүндүгүнөн улам белгисиздик сакталууда. Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдө мурда күтүлгөнгө караганда экономикалык жигердүүлүк калыбына келе баштагандыгы белгиленген. Бирок жалпы алганда COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам кесепеттер дүйнөлүк экономикага дале таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баалар динамикасы өзгөрүп тургандыгы байкалган. 

Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине жол бербөө боюнча чектөө чараларын жеңилдетүүнүн натыйжасында экономикалык жигердүүлүк бир аз калыбына келгендиги байкалган, ошол эле учурда экономиканын негизги секторлорунда чыгаруу көлөмү терс мааниде сакталган. Өлкөгө акча которуулар агымынын кыскарышы жана мунун натыйжасында ички керектөөнүн азайышы, ошондой эле негизги капиталга инвестициялар көлөмүнүн төмөндөшү өлкө экономикасынын ыкчам калыбына келүүсүн чектеген факторлордон болгон.  

Жылдык инфляция көрсөткүчү 2020-жылдын сентябрь айында (18ине карата) 5,1 пайызды түзүү менен инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч чегинде сакталып турган. Азык-түлүк товарларына, анын ичинде нан азыктарына жана этке баалардын өсүшү күндөлүк инфляцияга негизги салым кошкон. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча инфляциянын орточо мааниси өтүп жаткан жылдын акырына акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн чегинде 5-7 пайызга жакын катталат.  

Монетардык сектордо жагдай туруктуу. Акча рыногунда анын катышуучуларынын кыска сегментте жигердүүлүгү белгиленген. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чен чегинде өзгөрүп турат. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүктүн жогору деңгээли сакталууда, бул Улуттук банктын арылтуу операцияларын жүргүзүүсүн аныктайт. Экономиканы кредиттөө көлөмүн жогорулатуу уланууда, ошондой эле депозиттик базанын туруктуу өсүшү катталган.  

Тышкы экономикалык шарттардын таасири астында, анын ичинде дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып кетиши жана дүйнөдө геосаясый жагдайлардын күч алышы мүмкүндүгүнөн улам кооптонуулардын натыйжасында алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн Улуттук банк сентябрь айында (24үнө карата) валюталык интервенцияларды жүргүзгөн.  

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана түптөлүп жаткан ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Мында, жалпысынан акча-кредит саясатынын инструменттери экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүүгө багытталат.  

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички таасир этүү факторлоруна баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк алардын кесепетин жөнгө салуу үчүн жетиштүү инструменттерге ээ.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 30-ноябрында өтөт.  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени (пайыздар)