КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын  

директорлор кеңештерине талапкерлердин тышкы резервине киргизүү үчүн талапкерлерди ачык тандоо тууралуу жарыялайт 

 

 

Коммерциялык банктардын директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана акыркы 10 (он) жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде  

3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу;  

2) акыркы 10 (он) жыл аралыгында банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарында кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу*; 

3) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

4) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын билүү;  

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 4-бөлүгүнүн 20-главасынын шарттарына туура келбөө.  

Кепилдик фонддордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу; 

2) банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарында кеминде  

1 (бир) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу*; 

3) кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, ошондой эле корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу, алар сертификаттар же аталган багыт боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобонун 3-главасынын 28-пунктунун шарттарына туура келбөө.  

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана маалымат технологиялары, экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарда*;  

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана банктардын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү

4)  соттолгон эмес болуу. 

 

 

*Жетекчи кызмат орду дегенден улам, тиешелүү уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу аталган уюмдун бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт.  

 

Бардык талапкерлерге карата кошумча талаптар: 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды билүү

 

Талапкер төмөнкү учурларда сынакка катыша албайт: 

- соттун чечими менен ишке жөндөмсүз/ жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылса; 

-  мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген мөөнөт ичинде тиешелүү кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратылса; 

- кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга дал келбесе; 

- акырына чыгарылбаган сот иши бар болсо. 

 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын башкаруу органдарынын курамына резервден сунушталган жана тандалган талапкерлердин функционалдык милдеттери: 

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, коомдун уставына жана башка ички документтерге ылайык жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу. 

- өз иш-аракетинде акыл-эстүүлүк жана ак ниеттүүлүк принциптерине таянуу менен иш алып баруу, Улуттук банкка же коомго түздөн-түз же кыйыр түрдө зыян алып келиши мүмкүн болгон (материалдык, аброй ж.б.) чечимдерди кабыл албоо.  

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:  

- белгиленген формага ылайык арыз (жүктөп алуу); 

- белгиленген формага ылайык жеке маалыматтар жана ишкердик кызыкчылыктар тууралуу маалымат, баракчанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш (жүктөп алуу), 

- белгиленген формага ылайык түзүлгөн анкета, анын ар бир бетине кол коюлууга тийиш (жүктөп алуу); 

- паспорттун көчүрмөсү

- жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломдун жана анын тиркемесинин көчүрмөсү

- кошумча билим жана квалификация жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо); 

- эмгек китепчесинин иштеген жеринен же нотариустан документтерди тапшырган күнгө чейин 3 (үч) жумуш күнүнөн эрте эмес датага күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

Эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо же Кыргыз Республикасынан тышкары башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, ал жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынан анын соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө талапка ылайык легалдаштырылган документти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксатты алуу милдеттүү болгон учурларда, эмгектенүүгө же иштин башка түрүн жүргүзүүгө уруксат берилген документти тапшырат. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт. 

 

Документтердин түп нускасын кагаз папкага көктөп, Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмүнө Бишкек ш., Чүй проспекти 168 дареги боюнча сунуштоо зарыл же кол коюлган документтер электрондук түрдө PDF форматында reserv@nbkr.kg электрондук почтасына сунушталышы мүмкүн 

Документтерди берүү мөөнөтү: 2023-жылдын 14-февралы, саат 17.00 чейин. 

Сурап билүү телефону: (0312) 66-92-06.  

  ӨТҮНҮЧ КАТ

  МААЛЫМАТ

  АНКЕТА