Банктын жоюучусу /убактылуу администратору катары дайындоого маалымат базасына киргизүү максатында талапкерлерди тандоо боюнча сынакка катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеси: 

1. Паспорттун көчүрмөсү

2. Соттолбогондугун тастыктаган документ. 

3. Талапкердин бюджет алдында карызы жоктугу жөнүндө Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынан маалым кат (юр. жактар үчүн). 

4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү

5. Дипломдун көчүрмөсү, кошумча окутуудан өткөндүгү тууралуу документтер (күбөлүктөр/сертификаттар болгон шартта). 

6. Кредиттик таржымал тууралуу кредиттик бюродон маалым кат. 

7. Жеке жана иш кызыкчылыктары жөнүндө маалым кат (2-тиркеме). 

8. Анкета (3-тиркеме). 

 

Банктын жоюучусу /убактылуу администратору катары талапкерлердин маалымат базасын түзүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жол-жобого 1-тиркеме 

 

 

Банктын жоюучусуна карата минималдуу квалификациялык талаптар1

- жогорку билимине ээ болуу;  

- экиден кем эмес юридикалык жактарды жоюуга катышуу тажрыйбасы (айрыкча коммерциялык банктар боюнча);  

- Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамдарын, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, банктарды банкроттоо мыйзамдарын билүү;  

- иште кынтыксыз аброю;  

- жоюучу юридикалык жак / жеке ишкер болсо, анда ал адам дайындалганга чейин ошол жак беш жыл ичинде банкрот процессинде болбоого тийиш; 

- жоюу жол-жобосу башталган банктын кредиторлору, карыз алуучулары жана банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келүү жагдайынын жок болушу.   

 

Убактылуу администраторго карата минималдуу квалификациялык талаптар2: 

- жогорку билими ээ болуу;  

- финансы-банк системасында кеминде беш жыл, анын ичинде жетекчи кызматтарда - кеминде эки жыл эмгек стажы;  

- банк ишин жана банктык тобокелдиктерди тескөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүү;  

- иште кынтыксыз аброю;  

- Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келүү жагдайынын жок болушу.   

 

_____________________________ 

1Банктарды жоюу жөнүндө жобонун 2-главасына ылайык.  

2Убактылуу администрация жөнүндө жобонун 4-главасына ылайык. 

 

 

Банктын жоюучусу /убактылуу администратору катары талапкерлердин маалымат базасын түзүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жол-жобого 2-тиркеме  

 

 

Жеке маалымат жана   

иш кызыкчылыктары тууралуу маалымат 

Аты-жөнү (толугу менен) ___________________________________________________  

Туулган күнү, айы, жылы:___________________________________________________  

Туулган жери:_____________________________________________________________  

Паспортунун №___________________ Берилген күнү____________________________  

Колдонуу мөөнөтү:_____________________________  

Берилген жери_________________________________  

Үй дареги (жашаган жери):___________________________________________________  

Катталган жери:____________________________________________________________  

Үй телефон номери:_________________________________________________________  

Уюлдук телефон номери:_____________________________________________________  

 

№ 1-таблица. Жакын туугандары тууралуу маалымат (жолдошу/жубайы, ата-энеси, жолдошунун/жубайынын ата-энеси, балдары, бир тууган агалары жана эжелери, чоң эне жана чоң аталары) 

№  

Аты-жөнү  

Тууганчылык деңгээли   

Туулган күнү   

Иштеген жери   

Кызмат орду   

Кайсы убакыттан тартып кызматта   

Жашаган жери   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

№ 2-таблица. Башка байланыштуу жактар тууралуу маалымат (жеке адамдар)  

№  

Байланыштуу жактын аты- жөнү  

Иштеген жери  

Кызматы  

Байланышы   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

_____________________________ 

3Убактылуу администрация жөнүндө  жобонун 6-тиркемесине ылайык 

 

 № 3-таблица. Убактылуу администратордун/банктарды жоюучунун,  

анын жакын туугандарынын жана башка байланыштуу жактардын  

иш кызыкчылыгы тууралуу маалымат 

№  

Аты-жөнү  

Юридикалык жактын аталышы   

Ээлик кылуу үлүшү  

Юридикалык жак менен байланышы   

 

 

 

 

 

 

  

Мен жогоруда көрсөткөн маалымат анык экендигин тастыктайм. Алар өзгөргөн шартта, жаңыртылган маалыматты сунуштоого милдеттенем.   

  

 

_____________________(кол тамгасы) _____________________(күнү)   

 

 

Банктын жоюучусу /убактылуу администратору катары талапкерлердин маалымат базасын түзүү үчүн талапкерлерди  

тандоо боюнча жол-жобого 3-тиркеме  

 

 

  

АНКЕТА

1. Аты-жөнү  (жеке адамдын)/(уюмдун жетекчисинин) _______________________________________________________________________  

2. Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз:   

_____________________________________________________________________  

(кызмат орду, банктын аталышы)  

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана өзгөртүү себебин, ошондой эле мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз _________________________________________________________________________.  

4. Туулган күнүңүз жана жериңиз _________________________________________ күн, ай, жыл, шаар, айыл, өлкө ______________________________________________  

5. Паспорттун сериясы ____________ номери ________________ ким тарабынан берилген ___________________ берилген күнү ________________________________  

6. Жарандыгы ____________________________________________________________   

 

_____________________________ 

4Убактылуу администрация жөнүндө жобонун 7-тиркемесине ылайык 

 

Ал кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандандан кийин, башка жагдайлар боюнча түшүндүрүп бериңиз __________________________________________________________________________  

7. Үй дареги (документ боюнча), _______________________ тел. №________________  

Айкын жашаган орду _______________________________________________________  

8. Талапкер төмөнкү багыттарда билимге ээ экендиги жөнүндө маалымат:  

- банк мыйзамдары ________________________________________________ ; 

- банктык тобокелдикти тескөө ________________________________________ ; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары __________________________  

___________________________________________________________________ . 

9. Билими _____________________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, атайын орто, орто, бакалавр, магистр).  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Факультети же бөлүмү  

Окууга тапшырган жана аяктаган жылы  

Диплом боюнча адистиги  

   

   

   

   

   

   

   

   

10. Эмгек жолун баштагандан бери аткарган иши  

Ишке орношкон күн (ай, жыл)  

Иштен бошогон күн (ай, жыл)  

Ээлеген кызмат орду  

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, иш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошонуу себеби  

 

 

 

 

 

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

11. Сизге карата же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же кайсы болбосун өлкөдө, кайсы бир мезгилде каалаган башка кызмат адамы катары сизге байланыштуу болгон компанияга карата мамилелерди көрсөтүңүз:  

- административдик укук бузууларга жол берүү жөнүндө айып коюлса, анын ичинде иш токтотулган же айып  жокко чыгарылган болсо (ооба/жок) ___________________________________________________________________________  

- тартип-жаза чарасы колдонулса (ооба/жок) ____________________________  

- кылмыш мыйзамдарына ылайык, кылмыш ишине жол бергендиги жөнүндө айыпталса, анын ичинде кылмыш иши токтотулса, актоо өкүмү чыгарылса жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болсо (ооба/жок) ___________________________________________________________________________.  

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы тарабынан коюлган күнөөлөрдү, айыптоолорду, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган айыптарды жана соттук териштирүүлөрдүн, чечимдердин натыйжасында тартип-жаза чараларын көрсөтүңүз: ______________________________________________________.  

12. Тындырылбаган соттолгондугу болсо көрсөтүңүз. Болгон болсо, түшүндүрүп бериңиз. ___________________________________________________________________________.  

13. Сизге карата кайсы бир кесиптик ишти менен иштөөгө тыюу салуу болгондугун көрсөтүңүз. Болгон болсо, түшүндүрүп бериңиз _____________________________________________________________________.  

14. Сиз жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз ___________________________________________________________________________.  

Сиз байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттоо же жоюу шарты коюлган компанияда директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары өзүңүздүн ролуңузга жана жоопкерчилик деңгээлиңизге толук негиздеме бериңиз.  

15. Сизге карата же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары сизге байланыштуу болгон компанияга карата мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан иликтөөлөр болду беле? Эгерде болсо, кандай себептер менен жүргүзүлгөнүн түшүндүрүп бериңиз ________________________________________________________.  

16. Азыркы учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Болгон болсо, түшүндүрүп бериңиз ____________________________________________.  

 

Мен,________________________________________________________ (аты-жөнү)  

жогоруда анкетада көрсөтүлгөн маалымат анык жана толук экендигин жана ал менин билимиме, ошондой эле анкетада белгиленген маалыматтарга ылайык көрсөтүлгөндүгүн тастыктайм. Мен атайын бурмалоолорго жана калтырып кетүүлөргө жол берген шартта, ал сунушталып жаткан кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келе тургандыгын кабыл алам.  

 

 

  ______________________  

________ 

ж. "___" __________ кол тамгасы күнү 

 

  

 

 

 

 

  

  

 

 

Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери: 

 

1)өз ыктыяры менен жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат; 

2) өз иш-аракеттерин Улуттук банк менен бирге алып барат жана ага отчет берет; 

3) операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат; 

4) активдерге, эсептерге жана документтерге инвентаризация жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

5) банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрөт;  

6) банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылат;  

7) финансылык отчет менен банкта орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерет;  

8) банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартат;  

9) катышуучулардын банктын финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрөт;  

10) банктын андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт;   

11) Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрөт;  

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды ишке ашырат.  

 

Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери: 

 

1) өзү дайындалган учурдан тартып банкты өзүнүн башкаруусуна алат, активдерге, эсептерге жана документтерге инвентаризация жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

2) банктын мүлкүн тескейт, кредиторлордун талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлктөрүн жана активдерин издөөгө, аныктоого жана кайтарууга багытталган чараларды көрөт; 

3) кредиторлордун талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат; 

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен кредиторлорго төлөөлөрдү жүргүзөт; 

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошо алганда, банктын кайсы милдеттенмелеринен болбосун баш тартууга укуктуу (кредиторлордун же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында келтирилген чыгашалар боюнча банктын кредиторлорунан болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан); 

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет; 

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичинде жоюунун башталышына алап келген жана банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

9) ушул бөлүмдүн максаттары үчүн Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты ишке ашырат; 

10) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка тапшырат; 

11) банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынан жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан келип чыккан башка иш-милдеттерди аткарат.