Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын башкаруу органдарынын курамына талапкерлер резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтүн узарткандыгы жөнүндө жарыялайт.  

Сынак боюнча маалымат менен 2019-жылдын 6-ноябрындагы жарыядан таанышууга болот.  

Документтер 2019-жылдын 29-ноябрында саат 17:00гө чейин Бишкек ш., Чүй пр., 168 дареги боюнча жайгашкан имаратта кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча (0312) 61-10-23 телефонуна кайрылсаңыздар болот.