2021-жылдын 20-апрелинде өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,19% жана 5,22% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 7 жана 91-күндүк ноталардын аукциондору катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.