2019-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,51%, 4,20% жана 4,23% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 182-күндүк ноталардын аукциону суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.