Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу жөнүндө 

 

2019-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович республиканын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу 2018-жылдын жыйынтыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоодон улам 2019-жылга карата иш-чаралар планына арналган. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы актуалдуу маселелер жана бизнес жүргүзүү проблемалары, Улуттук банктын акча-кредит саясаты, финансылык кызматтарды санариптештирүү көйгөйлөрү жана келечеги, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды. Ошондой эле, “Элкарт” улуттук төлөм системасынын заманбап санарип мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, бул жолугушуу бизнес-коомчулуктарга өлкөнүн региондорунда финансылык ресурстарды жана кызматтарды сунуштоого тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берди. 

Өз кезегинде, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай жолугушуу актуалдуу экендигин белгилеп, экономика секторунда орун алып жаткан көйгөйлөр тууралуу маалымат берүү менен өлкөнүн региондорунда бизнести өнүктүрүү жана финансылык продукттарды санариптештирүү жагында бир катар сунуштарын беришти.  

Жолугушуунун жыйынтыгында, финансылык жана банктык продукттарды санариптештирүү жана бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйбалуу иш-аракеттерди иштеп чыгуу максатында ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелерди биргелешип талкуулоону мындан ары да улантуу чечими кабыл алынды.  

 

Маалымат үчүн: Жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын, Эл аралык ишкердик кеңешинин, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын («Кыргыз эт» эт азыктарын өндүрүүчүлөр жана иштеп чыгаруучулар ассоциациясы, Кыргызстан курулушчулар бирлиги, Ысык-Көл ишкерлер клубу), “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын, “Гарантиялык фонд” ААКсынын, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын жана Байланыш операторлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.