Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу режимине жана алар боюнча операцияларды жүргүзүү тартибине карата минималдуу талаптарын белгилөө максатында иштелип чыккан.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.».  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 25-мартынан кечиктирбестен abazarbaeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.