Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 

4,50 пайызга чейин төмөндөттү 

 

Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 25-февралында эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,50 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 26-февралдан тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасында баа динамикасы төмөн бойдон калууда. Жыл башынан бери инфляция төмөнкү чекте сакталып туруу менен февраль айында терс жакка оогон. Февраль айында (15-февралга карата) жалпы баа деңгээли жылдык мааниде алганда 0,7 пайызга төмөндөгөн. Өсүш арымы орточо чекте кармалып турган алкоголь ичимдиктерин жана тамеки заттарын эске албаганда, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дээрлик бардык тобу боюнча баанын төмөндөшү байкалган. Улуттук банк жыл акырында бир азга ыкчамдагандыгы менен жылдын биринчи жарымында инфляция динамикасы төмөн болушун болжолдоодо. 2019-жылы орточо алганда инфляция 3,0 пайызга жакын деңгээлде чектелип турушу күтүлүүдө.  

Экономиканын негизги секторлорунда жигердүүлүк сакталууда. Өтүп жактан жылдын январь айында ички дүң өнүм 6,4 пайызды түзгөн, ал эми "Кумтөр" боюнча маалыматтарды эске албаганда 1,9 пайыз чегинде калыптанган. Өлкөгө акчалай которуулардын агылып кириши жана реалдуу эмгек акынын жогорулоосу ички суроо-талапты колдоого алууда (2018-жылы акча которуулардын таза агымы 5,5 пайызга, ал эми реалдуу эмгек акы 3,8 пайызга көбөйгөн).  

Акча-кредит саясаты түрткү берип, өбөлгө түзүүчү мүнөздө улантылып, кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүү, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктү колдоого алып, ага дем берүү максатын көздөөдө

Банк тутуму ири көлөмдө үстөк ликвиддүүлүккө ээ, ушундан улам Улуттук банк андан арылтуу операцияларын ишке ашырууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгиленген чекте сакталууда. Банктар аралык кредит рыногунда катышуучулар санынын артышы сыяктуу эле, операциялар көлөмүнүн көбөйүүсү эсебинен жигердүүлүктүн күч алышы байкалууда. Банктар аралык акча рыногунун чендери менен эсептик чен ортосунда орун алган ажырым кыскарууда, бул албетте акча-кредит саясатынын экономикага таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзөт.  

Жалпысынан ички валюта рыногунда абал туруктуу сакталууда. Мында олуттуу тобокелдиктердин келип чыгышы байкалбайт.  

Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүшү боюнча болжолдоолор жана ичте орун алып турган экономикалык шарттар кыска жана орто мөөнөттүк мезгил аралыгында буга чейин жетишилген алгылыктуу иш жагдайы сакталып турушуна өбөлгө түзөт. Улуттук банктын болжолдоолору боюнча кандайдыр бир таасирлер орун албаган шартта, орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция акча-кредит саясатынын 5-7 пайыз чегинде белгиленген максаттуу көрсөткүчүнөн ашпайт. Ушундан улам да эсептик ченди төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Инфляциялык тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк акча-кредит саясатынын багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы ыктымал. 

Улуттук банк инфляцияга таасир этиши мүмкүн болгон тышкы жана ички факторлорго кылдат көз салып туруу аркылуу түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тишелүү чараларын колдонот.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2019-жылдын 25-мартында өтөт

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айларындагыга салыштырганда) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция  

(%, өткөн жылдын тиешелүү айларындагыга салыштырганда) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыны эсептик чени 

(пайыздарда)