Улуттук банк 2019-жылдын 13-мартында милдеттүү камдык талаптар боюнча бир катар документтерди жактырды. 

 

Милдеттүү камдык талаптар боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы чечими менен төмөнкү ченемдик укуктук актылар жактырылды:  

1) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы (Улуттук банк Башкармасынын № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген)

2) Улуттук банк Башкармасынын «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» (№ 2019-П-07/10-2-(ДКП)) токтому, анда төмөнкүлөр каралган: 

-  чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам өлчөмүн 14,00 пайыз деңгээлинде белгилөө

- жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине тиешелүү милдеттенмелери боюнча милдеттүү кам өлчөмүн нөлдүк деңгээлде белгилөө

- милдеттүү камдардын көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин өлчөмүн 80,00 пайызы өлчөмүндө белгилөө;  

жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча банктардын милдеттенемелерин эсептөө базасына киргизүү

өзгөрүүсүз калтыруу: 

a. улуттук валютадагы, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин валюталарындагы жана кытай юанындагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам өлчөмдөрүн 4,00 пайыз деңгээлинде;  

b. милдеттүү камдык талаптарды сактоо максатында, камдык активдерге кирген активдердин өлчөмүн: банктардын Улуттук банктагы кореспонденттик эсебиндеги акча каражаттары үчүн 100,00 пайыз деңгээлинде; банктардын Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин өлчөмү 100,00 пайыз; банктардын банкоматтарындагы улуттук валютада нак акча калдыктарынын өлчөмү 30,00 пайыз деңгээлинде;  

c. милдеттүү камдык талаптарды сакталгандыгы үчүн компенсациялоо ченин нөлдүк деңгээлде;  

d. милдеттүү камдык талаптар сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөмдүн өлчөмүн Улуттук банктын эсептик ченинин үч эселенген өлчөмүндө

3) Улуттук банк Башкармасынын «2019-жылга милдеттүү кам түзүү графиги тууралуу» (№ 2019-П-07/10-3-(ДКП)) токтому, бул графикте милдеттүү камдардын эсептик жана базалык мезгилдери башталган жана аяктаган күндөрү боюнча так маалымат камтылган.  

 Аталган ченемдик укуктук актылар 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.