Акыркы учурда Кыргыз Республикасында, айрыкча региондордо турак сатып алуу максаты менен калкка акча салууну жана кооперативдин пай ээсинен болууну сунуштаган коммерциялык эмес кооперативдердин активдүү иш жүргүзүүсү байкалууда. Кооперативдердин иши өз күчү менен турак жай сатып ала албаган жана мүмкүнчүлүгү болбогон жарандарга багытталган. Мындай кооперативдер жарандарга турак жайдын баасынын 20-30 пайызын кооперативге салууну, андан кийин төмөн пайыздык чен: 2-3 пайыз менен (рынок баасына салыштырмалуу) төлөөнү, айрым учурларда нөл пайыздык чен менен төлөөнү сунуш кылышат.  

Коммерциялык эмес кооперативдер өздөрүнүн кызматын керектөөчү жана ипотекалык кредиттерге альтернатива катары сунуштап жатышат, бирок аларда жарандардан аманаттарды кабыл алуу (каражат топтоо) сыяктуу банк операцияларын ишке ашырууга уруксат берилген эч кандай документтер жок, ошондуктан мындай кооперативдердин ишинде финансылык пирамиданын белгилери байкалат. Дүйнөлүк практикада финансылык пирамиданын эң ири жайылган түрлөрү болуп, жарандарга автоунаа, турак жай, жер участокторун ж.б. сатып алуу программаларын сунуштап, аларга ала турган мүлктүн баасынын 5 пайыздан 30 пайызга чейинки суммасын салууну талап кылышат. Ал эми калган сумманы уюмга жаңыдан келген кардарлардын агымынын эсебинен жабууга убада беришет. Бул учурда сатылып алынган мүлк акча каражатын салган жарандын (катышуучунун) атына эмес, кооперативге катталат. 

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, акча каражаттарын жогоруда белгиленген белгилери бар финансы кызматтарын сунуштаган кооперативдерге / уюмдарга салуудан мурда, алардан ушул иштин түрүн алып барууга ыйгарым укуктуу органдын уруксат берген тиешелүү документтерин талап кылууга чакырат, акча каражатын салуу чечимин кабыл алууда этият болууну сунуштайт.