Улуттук банк электрондук кол тамганы колдонуу боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду (мындан ары - долбоор) коомдук талкууга чыгарат. 

Калкты аралыктан тейлөөнү жана финансы кызматтарынан пайдаланууну жогорулатуу жагында финансы мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, долбоор менен аралыктан тейлөөдө тобокелдиктерди азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында талаптарды белгилөө менен айрым банк операциялары боюнча электрондук кол тамганы колдонууну жөнгө салуу сунушталат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ukulmanbetov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.