Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды (Global Money Week) 

 

Өлкөдө 2019-жылдын 8-апрелинен тартып салтка айланган жана негизги көздөгөн максаты мектеп окуучуларынын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Үйрөн. Топто. Иштеп  тап» чакырыгы алдында Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алат жана ал өлкөнүн бардык аймагында 14-апрелге чейин улантылат. Акча жумалыгы бул, ар кандай интерактивдик иш-чаралар аркылуу балдарды жана жаштарды акча каражатын туура пайдаланууга, үнөмдөөгө үйрөтүүгө, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган таасирдүү кампания. 

Мамлекеттик мааниге ээ бул иш-чарага арналган пресс-конференцияда Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Алмаз Сыдыков ал тууралуу жарыялап, келечек ээлеринин финансылык сабаттуулугу жогору болууга тийиш экендигин жана мына ушундай иш-чаралар жаштарды акчага сарамжал мамиле жасап, үнөмдөөгө үйрөнүүсүнө, жыйым топтоо канчалык маанилүү экендигин тереңден түшүнүүсүнө өбөлгө түзө тургандыгын баса белгиледи.  

Бир жума ичинде Улуттук банк, коомдук жана эл аралык уюмдарды, коммерциялык банктарды кошо алганда, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар мектептерде ачык сабактарды өткөрүү, жогорку окуу жайларында лекцияларды, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияларды, коммерциялык банктарда жана мамлекеттик органдарда ачык эшик күндөрүн уюштуруу сыяктуу бир катар кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. Мындан тышкары буга чейин эле мектеп окуучулары жана жаштар арасында жарыяланган улуттук сынактардын ( сүрөт тартуу, эссе жазуу жана акча топтоо) жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2019-жылдын 16-апрелинде Жаштар борборунда салтанаттуу түрдө тапшырылат.  

Иш-чаралар боюнча маалыматтарды  Дүйнөлүк акча жумалыгы күндөлүгүнө алууга болот.