Банк тутумунун финансылык туруктуулугун колдоо, ошондой эле коммерциялык банктардын ишине тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүргүзүү боюнча инструменттерди өркүндөтүү жана ликвиддүүлүк тобокелдигин талаптагыдай тескөө максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» токтому кабыл алынган.  

Сунушталган укуктук ченемдик акт Базел III негизги талаптарын «Ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлин өлчөө, мониторинг жүргүзүү, стандарттарын жөнгө салуу боюнча эл аралык системаны» чагылдырат, ал коммерциялык банктардын ишине тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүргүзүүгө өтүүнү эске алуу менен ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жагында эл аралык эрежелерди камтыйт.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайты: www.nbkr.kg дареги боюнча Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайты: www.nbkr.kg дареги боюнча Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.