Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган  

ишембилик жөнүндө маалымат 

 

Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартынын № 37-р буйругу менен 2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды. 

Улуттук банк тарабынан 13-апрелде Бишкек шаарынын аймактарынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Ишембиликти өткөзүү үчүн атайын аймакты бөлүп берүү боюнча Улуттук банктын кайрылуусуна Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Муромский жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жашыл аянтча Улуттук банкка бекитилип берилди. Ишембиликте бул аймак таштандылардан арытылды жана анын ирригациялык системасы тазаланды. 

Бекитилген аймактан тышкары, Улуттук банктын бардык имараттарынын тегерегиндеги аймактар да тазаланды. 

Бишкек шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Улуттук банктын Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан имаратынын маңдайына 7 даана кызыл жалбырактуу клен көчөттөрү отургузулду, жана ошондой эле Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багындагы Улуттук банктын аллеясына 13 даана туя көчөттөрү отургузулду.