«Кыргызстандагы акча жумалыгы» алкагында  

сынактардын жеңүүчүлөрүнө белек тапшыруу салтанаты 

 

2019-жылдын 16-апрелинде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан Жаштар борборунда «Кыргызстандагы акча жумалыгы» (Global Money Week) алкагында өткөрүлгөн балдардын тарткан сүрөттөрү, жазган ой толгоолору жана колго жасалган буюмдары боюнча сынактардын жеңүүчүлөрүнө белек тапшыруу салтанаты болуп өттү

Иш-чарада сынактардын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты, ошондой эле сынакка катышкан өспүрүмдөр менен жаштар өздөрү болушту.  

Иш-чараны ачып жатып, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Алмаз Сыдыков, жаштар менен жаш өспүрүмдөрдүн финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн жана «жаштардын финансы жаатында алган билими, түшүнүгү канчалык жогору болсо, алар өздөрүнүн жеке турмушуна эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө да өздөрүнүн салымын кошот деген тилек, ишеним бар» деп баса белгиледи. 

Сынактар 2019-жылдын 1-мартынан 14-апрелине чейин өткөрүлдү. Сынак комиссияларынын кароосуна жаш таланттардын 1 000ден ашуун эмгектери келип түшкөн. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин баалуу белектери тапшырылды.