Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтому менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Убактылуу администрация жөнүндө» жана «Банктарды жоюу жөнүндө» жоболорго) долбоору бекитилген

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.