Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын 15-апрелинде «Росинбанк» ачык акционердик коомунун финансылык абалын чыңдоонун алкагында, аталган банкты 3 млрд сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алды. Капиталдаштыруу ишке ашырылгандан кийин Улуттук банктын «Росинбанк» ачык акционердик коомундагы үлүшү 95% чейинки көрсөткүчтү түзөт. 

Капиталдаштыруу «Росинбанк» ачык акционердик коомунун финансылык абалын калыбына келтирүү процессин аягына чыгарып, анын ишин инфраструктураны, байланыш жана турак жай курулуштарын кредиттөөгө багыттоого мүмкүндүк берет, бул калктын банк жана финансы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө алып келет. 1 млрд сомдон ашык каражат «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын ипотекалык продукттары сыяктуу шарттарда региондорго ипотекалык кредиттерди берүүгө багытталат.  

Улуттук банк акцияларга ээ болгон өз үлүшүн сатуу маселесин «Росинбанк» ачык акционердик коомунун менеджменти банк ишин пайда алып келүүчү иш менен камсыз кылгандан кийин караштырат. Азыркы учурда аталган банкты сатуунун ар кандай варианттары, анын ичинде эл аралык фондулук рыноктор аркылуу да ачык сатуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. 

 

Маалымат үчүн: 

«Росинбанк» ААК Кыргыз Республикасынын банк тутуму үчүн маанилүү көрсөткүчкө ээ болгондуктан, аталган банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, алар банк секторунда системалуу тобокелдиктердин пайда болушун алдын алууга багытталган. «Росинбанк» ААКтын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн банктын акционерлерине финансылык чыңдоо боюнча иштерди жүргүзүү талаптары коюлган, банктын активдери менен акцияларын күрөөгө коюу аркылуу анын ликвиддүүлүгүн колдоого кредиттер берилген.  

«Росинбанк» ААК акционерлери тарабынан банкты капиталдаштыруу боюнча милдеттенмелери аткарылбагандыгын, ошондой эле банк ликвиддүүлүктү колдоого берилген кредитти төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгын эске алуу менен Улуттук банк аталган коммерциялык банктын акцияларынын эсебинен өндүрүү жүргүзгөн, анын жыйынтыгында Улуттук банк 2018-жылдын 2-октябрында банктын уставдык капиталында 71,66% үлүшкө ээ болуу менен анын акционери болгон.  

Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын курамы алмаштырылган. Банктын жаңы жетекчилиги тарабынан «Росинбанк» ААКтын учурдагы абалын чагылдыруу максатында кризиске каршы план, ошондой эле ликвиддүүлүк кризисинен чыгуу үчүн зарыл иш-чаралар иштелип чыгып бекитилген, алар финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн банктагы жагдайды жөнгө салууга багытталган. 

«Росинбанк» ААКтын күндөлүк ликвиддүүлүгүн колдоо максатында, Улуттук банк 2018-жылы 716,6 млн сом жалпы суммасында банкты капиталдаштырган.  

Азыркы учурда «Росинбанк» ААК аманатчылар менен кредиторлор алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткарып, эсептешүү-кассалык тейлөө, аманаттарды кабыл алуу, кредиттерди берүү, эмгек акы долбоорлорун тейлөө ж.б. ушул сыяктуу банк кызматтарын толук көрсөтүү менен штаттык режимде иштеп жатат. 

«Росинбанк» ачык акционердик коомунун акцияларынын алтынчы эмиссиясы аяктагандан кийин банктын уставдык капиталы 4,5 млрд сомду түзөт.