Улуттук банк 2019-жылдын 17-27-апрель күндөрү Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу алдында Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOIFI) менен биргеликте, CIPA AAOIFI программасынын алкагында, Шариат стандарттары, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук багыттары боюнча кесиптик окуудан өтүүнү уюштурат. 

«Шариат стандарттары» багыты боюнча окутуу процессинин алкагында Шариат стандарттарына ылайык ислам каржылоосунун негиздери, соодага негизделген контракт (мурабаха, салам ж.б.), үлүшкө катышуу негизиндеги контракт (мушарака, мудараба), иджара контрагы, ислам баалуу кагаздары (сукук), камсыздандыруу (такафул) жана ислам банктарынын башка финансы кызмат көрсөтүүлөрү боюнча түшүнүк берилет. «Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук» багыты боюнча эсепке алуу, таануу, ислам финансылык контракттарын классификациялоо, AAOIFI жана ФОЭС боюнча эсепке алуунун айырмачылыктары жана башка маселелер каралат.  

Семинарга Улуттук банктын кызматкерлери, финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргызстан Ислам университетинин өкүлдөрү катышып жатышат. 

Маалымат үчүн: Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOIFI) бухгалтердик эсепке алуу, аудит, башкаруу, этика стандарттарын, ислам финансы мекемелери үчүн шариат стандарттарын белгилеген уюм.  

CIPA AAOIFI ислам каржылоосу тармагында сертификацияланган кесипкөй бухгалтер, AAOIFI тарабынан берилген эки сертификаттын бири.