Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чакыруусу боюнча Катар мамлекетинин Борбордук банкынын жана Катар мамлекетинин коммерциялык банктардын өкүлдөрү келишти. Делегацияны ислам банктарын көзөмөлдөө департаментинин начальниги Салим Али Аль-Кувари жетектеди.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Катар мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү максатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында ислам банкын түзүү маселелери талкууланды.