2019-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов менен эл аралык уюмдардын: Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кыргыз Республикасындагы Европа бирлиги өкүлчүлүгүнүн, Швейцария Өкмөтүнүн экономика маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин, Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын банктарынын ишин өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды.