Баткен, Талас жана Нарын областтарында старт-ап долбоорлорун каржылоо механизми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана “Гарантиялык фонд” ААК тарабынан ишке ашырылат 

 

2019-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев менен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Баткен, Талас жана Нарын областтарында старт-ап долбоорлорун каржылоо механизмдерин талкуулашты.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын жана тапшырмасын аткаруунун алкагында Улуттук банк, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана “Гарантиялык Фонд” ААК тарабынан Баткен, Талас жана Нарын областтарында старт-ап долбоорлорун каржылоо механизми иштелип чыккан. Бул областтарга биринчилерден болуп инвестициялык колдоо көрсөтүү чечими алардын татаал географиялык жана климат шарттарын эске алуу менен экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы менен байланышкан. 

Программа жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча старт-ап долбоорлорду каржылоого багытталган. 

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан старт-ап долбоорлорун каржылоого 1 миллион АКШ долларын бөлүп берүү каралган, ал үч областка бирдей бөлүштүрүлөт же ар бирине 350 миң АКШ долларынан туура келет. Мында, тике каржылоо боюнча кредиттөөнүн минималдуу чеги 200 миң АКШ долларын түзөт, демек, сынакка 200 миң доллардан тартып 350 миң АКШ долларына чейинки каражат каралган долбоорлор катыша алышат. Старт-ап долбоорлору программага катышкан коммерциялык банктар тарабынан кошумча каржыланышы мүмкүн.  

Күрөөлүк камсыздоого карата минималдуу талаптардын белгилениши жана үч жылдын ичинде зыянга учурабаган ишинин болушу боюнча талаптын жоктугу каржылоо программасынын өзгөчөлүгү болуп саналат. Мында, программаны ишке ашыруунун алкагында пайыздык чендин 4% деңгээлинде төмөн болушу, 7 жылга чейин каржылоо мөөнөтү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча 24 айга чейин жеңилдик берилери, ошондой эле ишкерлерге консультацияларды берүү сыяктуу жеңилдетилген шарттар каралган.  

Программанын шарттарына ылайык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болгон ишкердин жеке салымы долбоордун суммасынын 15 пайызынан кем эмесин түзөт, ал акча каражаты түрүндө сыяктуу эле, долбоорду ишке ашырууда тартылган активдер түрүндө да болушу мүмкүн.  

Аталган программаны ишке ашыруу механизминин алкагында старт-ап долбоорлору каржылоо үчүн тандалып алынган ишкерлерге «Гарантиялык фонд» ААК тарабынан гарантиялар сунушталат.  

Долбоорлорду тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссия түзүлөт, анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы өкүлдөрү, жергиликтүү бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун жана «Гарантиялык фонд» ААКтын өкүлдөрү кирет. 

Программанын максаттарына ылайык мыкты долбоорлорду тандоо, аларды андан ары карап чыгуу үчүн Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондуна жөнөтүү комиссиянын милдети болуп саналат, кароонун жыйынтыгында Фонд тарабынан областтардагы долбоорлорду каржылоого каражат бөлүнүп берилет.  

Программага тартылган региондордо ишкердүүлүктүн активдүүлүгүн арттыруу жана экономикалык өнүгүүнүн деңгээлин жогорулатуу түрүндөгү программанын максатына жетүү өлкөнүн башка региондорунда да ушул программаны андан ары жайылтуу үчүн негиз болот.